Самбо боюнча таймаш өткөрүлдү


14-декабрь күнү университетибиздин жабык спорт аянтчасында самбо боюнча биринчилик таймашы өткөрүлдү. Таймаш Студенттик Кеңеш жана Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби тарабынан уюштурулган.

13-декабрда бардык катышуучулар таразага түшүрүлүп, 14-декабрда эркектер:57,62,68,74,81,81+ салмакта, ал эми кыздар:52,60,65+ салмакта күч сынашты.

Ал эми катышуучулардын бири Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин  2-курсунун студенти Абдулазиз ЭгамкуловТаймаш кызуу жүрүп жатат, жалпы 150гө жакын студент өз факультетинин атынан катышып жатышат. Катышуучулардын атынан бардык уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин,- деди.

Кырчылдашкан кызуу атаандаштыктын жыйынтыгында жалпы 32 студенттен  1-2-3-орундун ээлери аныкталып, жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, бул таймаш экинчи ирет уюштурулду.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза