СТУДЕНТТЕР ECHO OF AUTUMN 2020 ЭЛ АРАЛЫК КОНКУРСУНДА БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛУШТУ


     Эл аралык ECHO OF AUTUMN 2020 онлайн конкурсунда 20 чакты мамлекеттин өкүлдөрү катышып, таланттарын көргөзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Конкурс өткөн жылдын күз айларында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Турмуш, мезгил жана жашоо фонду тарабынан уюштурулган. Биздин университеттин студенттери да катышып, музыка жана сүрөт категориясында байгелүү орундарга ээ болушту. Кѳркѳм ѳнѳр факультетинин музыка бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Мейликан Темирова биринчи орунду, 4-курстун студенти Бексултан Алымбек уулу экинчи орунду, сүрөт бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Ибарат Амангелдиев үчүнчү орунду жеңип алышты.

Кол өнөрчүлүк боюнча катышкан Жылдызай Тажиева, Айике Беделбаеванын иштери жогорку баага татып, уюштуруучу топ тарабынан диплом менен сыйланышты.

Жазган: Саадат Казакбаева