КРУГОЗОР


     2021-жылдын 6-февралында Студенттик Кеңештин 'Ойлоншоу' клубу тарабынан "Кругозор" билим жарышмасы уюштурулду. Жарышма онлайн режиминде Google Meet жана WhatsApp тиркемелери аркылуу өткөрүлдү. Кругозор викторинасына буга чейинки ойлоншоу клубунун башчылары, топ лидерлери жана клубдун мүчөлөрү катышып, күч сынашты. Сынак жалпысынан үч турдан турду. Кадимки суроолордон айырмаланып, катышуучуларга мимика жана жаңсоолор менен суроолор берилди.

Мелдештин жыйынтыгында Легионерлер командасы (Легионеры) биринчи, 2 & 1 командасы экинчи, Орхидея командасы үчүнчү орунга ээ болушту.

Акырында 2020-2021-окуу жылындагы ойлоншоу клубунун координатору Рысбек Кубанычбеков орундарга ээ болгон командаларды куттуктап, ийгилик каалап, алган белектерин жарыялады.

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Саадат Казакбаева