МОНГОЛИЯ ЖУМАЛЫГЫ


     Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинин 25 жылдык мааракесин белгилөө иш-чараларынын алкагында, Студенттер жана Бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы, Студенттик Кеңешинин Төрагасы жана Эл аралык студенттердин координаторлугу менен биргеликте, 2021-жылдын 21-февралында, "Өлкө жумалыгынын" биринчиси болгон Монголия жумалыгынын жабылыш программасы болуп өттү.  Программа Google Meet тиркемеси аркылуу жүргүзүлүп, иш-чарага университеттин проректору, ректораттын башкы кеңешчиси, бөлүм башчылары жана студенттер катышты.

Университетибиздин проректору, проф. Док. Анварбек Мокеев: “Ушундай мазмундуу долбоорду баштаганыңыздар үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Монголиядан келген биздин студенттер абдан ийгиликтүү жана маданий иш-чараларга активдүү катышышат-," деди. Андан соң, ал Монголиядан келген студенттерибиз жана Эл аралык студенттердин координаторлугу жөнүндө кеңири маалымат берди.

Программанын жүрүшүндө монгол студенттерибиздин ата-энелери кыска сөз сүйлөп, балдарынын "Манас" университетинде сапаттуу билим алып жатышканына сыймыктанарын билдиришти.

Андан кийин, Түркия Республикасынын, Улан-Батор Элчилигинде иштеп жаткан 2010-жылдагы бүтүрүүчүбүз Болортуул Баатар жана Түркия ден-соолукту чыңдоо туризм тармагында иштеп жаткан 2012-жылдагы бүтүрүүчүбүз Дархан Мунхдж "Манас" Университети алардын ар тараптан өнүгүшүнө салым кошконуна, жаңы досторду таап, ар кандай маданиятты таанытканына, чет тилин үйрөтүп, татыктуу билим бергенине ыраазы болуп, алардын аркасында оңой эле жумушка орношо алгандарын жана университетти сагынгандарын билдиришти.

Программанын аягында Азжаргал Улан-Батордон монгол элинин салттуу аспабы менен, Морин Хуур жана Жаныбек Мухиддин уулу домбра менен салттуу музыканы аткарышты. Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

 

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Саадат Казакбаева