Манастыктар “IMAX” кинотеатрына барышты


12-ноябрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери Космопарктагы “IMAX” кинотеартрында коюлган “Прекрасная планета” аттуу документалдык кинотасмасын көрүүгө  барышты

Кино атайын “Манас” университетинин студенттери үчүн университетибиздин Студенттик Иштер Башкармачылыгы жана “Manas Life” порталы тарабынан уюштурулду. Билеттин баасы 90 сом болуп, ага  300дөн ашуун студент барды.

Манастыктар эки жумалык экзамендерден соң биримдикте эс алып кайтышты.

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева