АЗЕРБАЙЖАН ЖУМАЛЫГЫ ПРОГРАММАСЫ


     Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинин 25 жылдык мааракесин белгилөө иш-чараларынын алкагында, Студенттик иштер башкармалыгы, Студенттик Кеңеш жана Эл аралык Студенттер Координаторлугу тарабынан 2021-жылдын 5-мартында өткөзүлгөн "Өлкө жумалыгында" Азербайжанды таанытуу программасы болду. Программа Google Meet тиркемеси аркылуу жүргүзүлүп, иш-чарага университеттин проректору, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси, кафедра башчылары, коноктор жана студенттер катышты.

     Университетибиздин проректору проф., докт. Анварбек Мокеев: “Өлкө жумалыгы” программасы абдан жакшы жүрүп жатат. Азербайжан биз үчүн маанилүү жана бир тууган өлкө. Университетибизде азербайжандык студенттердин көп болушун каалайбыз", -деди.

     Азербайжан Республикасынын Кыргыз Респуликасындагы элчиси Хидает Оружев: “Манас университети ушундай мазмундуу программа даярдаган деп угуп, биз кубаныч менен катышууну кааладык. Азербайжанды таанытуу биздин милдетибиз. Элчилик катары биз ар дайым бардык маселелерде биз менен болуп, бизди колдоп турган "Манас" университети мененбиз. Мен студенттер университетте азербайжан тили кирген түрк элдеринин тилдеринде эркин сүйлөсө дейм. Программаны даярдагандарга ыраазычылыгымды билдирем",-деди.

     Программа жүрүп жатканда Азербайжандын борбору Баку шаарынан келген ырчы жана академик Фериде Миришова “Толкучу элең Карадениз” жана “Жаша менин элим” ырларын ырдап, программаны көркөмдөдү. Андан кийин Азербайжандын презентациясы жасалды. Азербайжандык студенттерибиздин ата-энелери кыска сөз сүйлөп, балдарынын "Манас" университетинде сапаттуу билим алышканына сыймыктанышаарын билдиришти. Биздин студенттердин бири Азиза Асланова "Сары колукту" ырын аткарып Андан кийин Түркиядагы чоң мейманканалардын биринде иштеп жаткан ийгиликтүү бүтүрүүчүбүз Рауф Гадирли, "Манас" университети ар тараптан өнүгүүгө, жаңы досторду табууга, ар кандай маданияттар менен таанышууга, чет тилдерди үйрөнүүгө салымын кошконун, анын артында жумушка оңой орношо алганын кошумчалады.

     Иш-чаранын аягында эстеликке сүрөткө түшүп, программа кооз Азербайжан ыры менен аяктады.

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Саадат Казакбаева