ЭКО МАРАФОН


     Студенттик кеңешинин 'Био Экологдор' клубу тарабынан 2021-жылдын 8-14-февраль аралыгында 'Эко Марафон' аттуу иш-чара уюштурулду.

     Марафондогу алтынчы жана жетинчи тапшырмаларда катышуучулар өздөрүнүн сезимдери жана марафон жөнүндөгү ойлору менен бөлүшүштү. Эко Марафондо үй өсүмдүктөрүн өстүрүү, таштандыларды жана керексиз кийимдерди бөлүү, керектүү белектерди жана тамак-аштарды сатып алуу, жаратылыш менен болгон достук тууралуу тасмаларды көрүү ж.б. тапшырмалар аткарылды. Иш-чаранын ар бир катышуучусу социалдык тармактардагы аккаунттарында пост же тарыхча катары тапшырмаларын бөлүшүп, ошого жараша бааланып турду.

     Эко Марафон иш-чарасынын соңунда эң ийгиликтүү болгон 5 адамга атайын белектер берилди.

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Саадат Казакбаева