КӨЧМӨН ТҮРКТӨРДҮН КООМДУК ТУРМУШУ


     2021-жылдын 5-февралында Студенттик Кеңештин `Борбор Азия` тарых клубу тарабынан уюштурулган "Көчмөн түрктөрдүн коомдук жашоосу" аталышындагы вебинар болду. Иш-чара онлайн режиминде Google Meet тиркемеси аркылуу өткөрүлдү. Вебинардын коногу проф., докт. Алпаслан Демир болду.

     Университетибиздин аспиранты Озан Туран вебинардын модератору болуп, конок катышуучу проф., докт. Алпаслан Демир менен өз ара суроо-жооптор аркылуу баарлашышты. Сүйлөшүүлөрдүн мазмуну Орто Азиядагы түрктөрдүн жашоо образы, каада-салттары, үрп-адаттары, өзгөчөлүктөрү, коомдук турмушу жана Анадолуга көчүп келгенге чейинки мезгил жөнүндө болду.

     Вебинардын аягында катышуучулардан жана студенттерден суроолор алынып, жооптор берилди. Соңунда клубдун жетекчилери, конок болгон проф., докт. Алпаслан Демирге жана катышуучуларга ыраазычылык билдиришти.

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Саадат Казакбаева