Ак-Талаалыктар университетибизде конок болушту


16-ноябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу 22 жалпы билим берүүчү орто мектептеринде 11-класста окуп жаткан эң активдүү 25 окуучу университетибиз менен таанышууга келишти.

Иш-чарада университеттибиз тарабынан түшкү тамак берилгенден кийин, таанытуу фильми көрсөтүлүп, суроо-жооптордон кийин окуучуларга белектер тапшырылды. Андан кийин окуучулар үчүн экскурсия уюштурулуп, университеттин ар бир имараты менен таанышып чыгышты. Алардын ичинде коммуникация, экономика жана башкаруу, табийгый так илимдер, көркөм өнөр факультеттери, дене тарбия жана спорт жогорку мектеби, жатаканалар жана китепканалар бар.



Айта кетсек, иш-чара тарых жана маданият жылына, ошондой эле Ак-Талаа районунун 80 жылдыгына арналган. Аны менен бирге окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүү, мекенчилдик сезимин ойготуу, келечектеги кесибин тандоого көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.


Кабарчы: Асел Шамилова