Казакстандын элчилиги менен жолугушуу


17-ноябрда  Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинен кеңешчи-консул Ерлан Абишов жана аталган элчиликтин биринчи катчысы Нурлан Ешкеев университетибизде окуган  Казакстандык студенттер менен чогулуш өткөрдү.

Чогулушта Казакстандын жарандарынын пасспорттук иштери талкууланды. Чет өлкөдөн келген студенттер үчүн өлкөбүзгө кирип чыгууда эрежелер жана укуктар тууралуу маалымат берилгенден кийин студенттер кенен суроо жооп ала алышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда миграция  боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип,  ал үсүбүздөгү жылдын 4-ноябрында өз күчүнө кирген. Ага ылайык чет өлкөнүн жараны Кыргызстанда  5 күндүн ичинде каттоого турбаса 10 000  сом айып пулу төлөйт.

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева