Ректорат менен маектешүү


23-ноябрда ректорат менен гуманитардык факультеттин студенттеринин маектешүү кечеси болуп өттү.Кечеде ректор, проф., док. Себахаттин Балжы жана проректор, проф., док. Асылбек Кулмырзаев студенттердин суроолоруна жооп берип, факультет ичиндеги мүмкүнчүлүктөрдөн тарта көйгөйлөргө чейин сүйлөшүлдү. 

“Жашоонун өзү жарыш. Бул жарышта жеңилбеш үчүн өмүр бою билим алып, эмгектенип өтүш керек. Себеби, дүйнө жадагалса ар бир беш жылда өзгөрүп турат. Ал эми, билим менен эмгек адамды артта калтырбай тынымсыз өзгөргөн дүйнөгө ээрчиткен шам чырак. “Манас” университети бул шам чыракты өчүрбөй күйгүзүп берет.”-деди, ректор.  

Ошондой эле “Manas LIFE” порталынын видеоролиги көрсөтүлүп, ректор агайга бир катар кызыктуу суроолор узатылды.

Белгилей кетсек, Ректорат жыл сайын ар бир факультеттин студенттери менен жолугушуу кечелерин өткөрүп келет. Маектешүү ар шаршемби күнү өткөрүлүп келерки жылдын март айына чейин болоору пландалган. Салтка айланган бул маектешүү студенттик иштер башкармачылыгы тарабынан уюштурулууда.

 

Кабарчы: Асел Шамилова