Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү


Чет өлкөлүк cтуденттер менен жакындан таанышуу  жана алардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардамдашуу максатында уюштурулган маектешүү жыйыны 26-февраль күнү К. Тыныстанов атындагы жыйындар залында өтүп, ага окуу жайыбыздын жетекчилери жана студенттер катышышты.

Жолугуштун жүрүшүндө студенттер университетибиздин ректоруна жана проректоруна өз  суроолорун беришип, сунуштарын да билдиришти. Маектешүү кечеси Эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан даярдалган кыскача концерттик программа менен аяктады.

Белгилей кетсек, учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Кыргызстандан 4376, Түркиядан 538, Авганистандан 40, Азербайжандан 15, Кытайдан 19, Казакстандан 5, Монголиядан 12, Өзбекстандан 72, Орусиядан 12, Таджикстандан 95, Түштүк Кореядан 2, Түркменстандан 6, Ирандан 2 жана Косовадан 1 студент кош адистүүлүк менен катар заманбап технология жана эл аралык системанын негизинде билим алып жатышат.