Жан дүйнөнү эргиткен поэзия кечеси


17-ноябрда Касым Тыныстанов жыйындар залында жаш калемгер Бекболот Сарыбаевдин поэзия сүйүүчүлөрү үчүн “Поэзия кечеси” болуп өттү.

Белгилүү акындар Алтынбек Исмаилов, Бердибек Жамгырчиев, ошондой эле гуманитардык факультеттин деканы Проф. Док., Лайли Үкүбаева конок болушуп, кечени көркүнө чыгарышты. 

“Акын деген жаратылышты, сулуулукту,көрүнүштү деги эле кооздукту кооз сөздөр менен сүрөттөгөн сүрөтчүлөр болуп эсептелинет. Ошол үчүн алардын дүйнөсү сезимтал, аруу, таза келет.”-дейт, Лайли Үкүбаева. 

Жыйынтыгында жаш акын басымдуу бөлүгүн сатира жанрындагы ырларын окуп, залды толкутуп, көрүчүүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.

Айта кетсек, Бекболот Сарыбаев түркология бөлүмүнүн 2-курсунун студенти. 

 

Кабарчы: Асел Шамилова