Клубдардын презентациясы


22-ноябрда университет ичиндеги ар бир клуб бир жыл ичинде аткара турган пландарынын презентациясын жасашты. 

Жыйынга жалпысынан 14 клуб келип, алардын арасында “Ак-ниет” кайрымдуулук клубу, “Велосипед тебүү”, “Жаштардын өнүгүүсү”, “Эл аралык мамилелер”, “Ойлон шоу”, “Туризм”, ошондой эле “Экономика” клубдары бар.

   

Айта кетсек, Студенттик кеңештин негизги пландарынын бири университет ичиндеги клубдар менен тыгыз байланышта болуу жана аларды жандандыруу менен бирге окуу жайга пайда алып келүү.

Даярдаган: Асел Шамилова