“Ойлоншоу” оюнунун кезектеги оюну болуп өттү


24-ноябрда “Ойлоншоу” интеллектуалдык оюнунун кезектеги оюну болуп өттү.

 Кыргыз киносунун 75 жылдыгына карата оюндун аты “Кино ааламы”деп аталып, ага  белгилүү кино режиссерлор  Ырысбек Жабиров, Сүйүн Откеев, белгилүү кино актёр Нурбек Болотов, ырчы Добр, “Көчмөн” коомдук фонунун төрагасы Улан Үсөйүн  катышты. Ошондой эле Аязбек Атамкулов, Абдрахман Сулайманов, Адилет Кубанычбеков жана Залкар Аманов катышып, калыстар тобунун жамаатын түзүштү.

Оюнга жалпысынан 19 команда катышып, тандоо турунан 11 команда өттү. Оюнда кино тууралуу кызыктуу суроолор берилди. Ошондой эле белгилүү конокторубуз да күйөрмандарга суроолорун берип, белектерин ыйгарышты. Иш-чара консерватория факульетинин ырчы балдары Азамат Чаргынов жана Жанат Оңолбаевдин ырлары менен коштолду.

Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып 3-орунга “Сабат”, 2-орунга “Олимп”, ал эми 1-орунга “А4” командасы татыктуу болду. Аларга атайын даярдалган белектер ыйгарылды.

 

 

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева