“Акыл таймаштын ” жеңүүчүлөрү аныкталды


1-декабрь күнү  даярдоо курсунун студенттери үчүн уюштурулган “Акыл таймаш” интеллектуалдык  оюнунун финалдык туру өткөрүлдү. Оюн Кесиптик  Жогорку Мектебинин студенти Уланбек Ташиевдин демилгеси менен уюштурулган. 

Финалдык оюн  тандоо туру жана жарым финалдан жеңген төрт күчтүү команданын таймашуусу менен өткөрүлдү. Катышуучулар негизинен ар тармакты камтыган логикалык суроолорго жооп беришти. 

Жыйынтыгында 1-орунга ээ болгон “Жигер” командасы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жолдомо алышса, 2-орунду ээлеген “Жетиген” тайпасы менен 3-орунга татыган “Күч бирдикте” командасы “Жал” кинотеатрына киного билет жеңип алышты. Мындан тышкары катышуучулар ардак грамота, китептер менен сыйланып, “Ойлоншоу” интеллектуалдык оюнуна катышууга мүмкүнчүлүк алышты. 

Кошумчалай кетсек, оюн буга чейин эки тур менен өткөрүлүп анда жалпы 40 команда күч сынашкан. 

Кабарчы: Адинай Курманова