Билимдүүгө дүйнө жарык


2-декабрда  “Инсандык өнүгүү” клубу тарабынан “Билимдүүгө дүйнө жарык” аталышындагы семинар болуп өттүү.

Семинардын коногу акын, мугалим, алып баруучу Алтынбек Исмаилов болуп, ал дүйнө классикалык чыгармаларынан тарта кыргыз чыгармаларына чейин сөз кылды. Ошондой эле ал китеп алууда эмнелерге маани берүү керектигин айтып, кеңештерин берди.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар китеп жана адабият тууралуу суроолорун берип, агайдан жооп алышты.

Семинардын соңунда  Алтынбек Исмаилов “Эне  тил”, “Кыргызстан” жана “Сүйүү баяны” аттуу ырларын окуп берди.

 

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева