Manas BLOG:“Манаста” окуйм деп ...


Бул окуу-жай мени 2012-жылы өзүнө сүйдүрүп алган. Ооба сүйдүрүп алган)) Ал учурда мен бүтүрүү классынын окуучусу эмес элем. Жаштар комитетин башкаргандыктан мектебимдин бардык коомдук иштеринен кабардар болуп тураар элем. Бир күнү бизге “Манас” университетинен эки эже келип, окуу жай тууралуу маалымат беришти. Алгач эле алар менен таанышууга шаштым, анткени мен да “Манастык” болгум келген. Бул менин кыялым эле. Ал эки эже менен таанышып, 10 жылдан бери тааныш болуп жүргөндөй эле кудуңдап сүйүнүп, алар менен тамашалашып кирдим. Ошондо байкаганым, ошол студенттер ушунчалык жөнөкөй, ыймандуу, акылдуу, билимдүү, тапкычтар эле. Сүйлөсө тилинен бал куюлуп, сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн кыздар эле. Чынында, мен алардын сулуулугуна да көңүл бурган эмесмин) Анткени, сөздөрү эле адамды мас кылып коёр эле. Ошентип тааныштыруу иштери башталып, эки эжекем маалымат бере башташты. Мына ошондо “Манасты” сүйүп калгам, мына ошондо менин Манаска болгон махабатым башталган. Алган маалыматтарыма ишене албай отура бердим, анткени окуу бекер, стипендия+уникалдуу кампус. Жалдырап эле таң калып отуруп калганым эсимде.

Арадан 2 жыл шуулдап өттү, окуу-жайды кызыл аттестат менен аяктадым, ЖРТ баллдары мектебимде эң алдыңкы үчтүккө кирдим, шаарымдын “Эң мыкты окуучусу” наамын алып Бишкекти көздөй сапар алдым. Ата-энем мени вокзалдан таксиге салып жатып, көздөрү жашылданып кеткен, мен согушка кетип жаткансып)) Ата-эне деген ушундай болот экен да, биз канчалык бой жетип чоңойсок да, алардын көзүнчө наристе көрүнө берет экенбиз.

Бишкекке келип көчөлөрдөн адашып, достор менен “ЦУМ жактан” жолугуп, “Ала тоо” аянтына барып сүрөткө түшүп, гамбургер жеп жайдын аптаптуу күндөрүн өткөрүп жаттык. Кечинде тест жаттап, мектепте өткөн темаларды кайталап өзүмдү сынакка даярдап жаттым. Аңгыча эле "Манаска" кабыл алуу тести келип калды. Сүрдөгөнүмдөн жана уктап калбайын деп түнү уктабай, таңды аттырып туруп Манаска жөнөдүм. Сынагым “Меркезде” өттү, адам кумурскадай көп.. Сынактан чыккандан кийин башым катып калгандай сезилди, анткени тапшырмалар өтө оор эле. Чынын айтсам бул окуу жайга өтөм деген үмүтүмдү үзүп койгон болчумун. Маанайым жок, шаарды алты айландым окшойт. Бирок ата-энем эч качан кадамды артка таштабоого үйрөткөндүктөн акырына чейин тырышып көрүүнү чечтим. Анысы аз келгенсип, Бишкекте жашоо кымбат, тамак ашка акча керек эле. Ата-энемден деле алсам болмок, бирок аларга ант берген элем, “бир да тыйын албай” окууга өзүм өтүп келем деп. Курсак ачкандыктан колумдагы саатымды, көтөрүп жүргөн уюлдук телефонумду сатып жан бага баштадым. 

Жыйынтыгында, “Манаска” бир нече жолу өттүм) “Манастын” өзүнүн сынагынан 1-турда өтпөй калып ЖРТнын негизинде бир факультетке өттүм. ЖРТ боюнча кабыл алуу бир лоторея сыяктуу эле болду, эч кандай кепилдик жок, маалыматтар саат сайын өзгөрүп турду. Ар бир абитуриентти аңдып турдум. Анткени эгер алар мен талон таштаган факультетке өздөрүнүн талонун таштаса мен учуп кетет элем, алардын баллдары меникинен жогору болгон да. Бир бала келип менден кеңеш сурап калды “каерге салсам өтөм?” деп, бирок ал менин атаандашым экенин мен билет элем)) Акыры тигини көндүрүп БГУга кетирип салдым) Ошентип кабыл алуу сааттары өз соңуна келип жатты. Мен дагы эле аңдып, акмалап турдум, өз ордумду коргоп турдум. Кабыл алуу токтоду, мен биринчи орун менен өтүп кеттим. Эжелер мени “сумасшедший” экенсин деп тамашалап калышты)) Бирок ал менин каалаган факультетим эмес эле, кийин Манастын өзүнүн сынагынын 2-туруна бардым, мына ошол жерден максатыма жеттим. Мен кетирип салган бала болсо БГУга бюджетке өтүптүр. Акыры мен ага атайын кетирип салганымды айттым. Бирок ал кабатыр болбоду, анткени өзү мурдатан эле БГУда окугусу келген экен, анан да бюджетке өткөн. Экөөбүз азыр да достордонбуз.

Ошентип өзүм каалаган университетимде, өзүм каалаган бөлүмүмдө азыр окуп жатам. Алгач эле Даярдоо курсун ийгиликтүү бүтүрдүм. Жаңы тил жашоомо чоң өзгөчөлүктөрдү киргизди. Түркчөм азыр деле жакшы эмес, бирок бул тилде баарлашууну аябай сүйөм. Окуу менен чектелип калбастан Манастын коомдук жашоосуна да аралаша баштадым, “Консейге” барып, алардын мүчөлөрү менен сүйлөшүп, ар кайсы суроолор менен баштарын оорута берчүмүн. Мен да ошентип костюм-шым кийип, кычырап жүрсөм деп кыялданып коёт элем. Алар окуу-жайдын биринчи студенттери эле, “Манастыктардын” жүздөрү эле. Максатым ошолордой болуу эле. Бир жолу “Жал” кампусунан бара жатып алдымдан ректор Себахаддин Балжы чыгып калды. Албетте тааныбайт элек бири бирибизди, бирок ошондо ал киши башыма ушунчалык мотивация куйду дейсин, азыркыга чейин анын сөздөрү кулагымда жаңырып турат. Ал жакшы адам болгондуктан  көп студенттер сүйлөшкүсү келет, бирок анын жумуштары көп окшойт. Убакыт өтүп, биз да окуу-жайдын майда кемчиликтерин байкап, аларды чечүүгө күч жумшап, колубуздан келген жумуштарды аткара баштадык. Өз ордубузду бул окуу жайдан таптык. 

"Манас" университетине студенттер ун электе эленгендей эле тандалып алынат, келгенде да эң күчтүүлөрү, алдыга тырышкан “көк бет” студенттер келет, ар дайым изденүүдө жүргөн мыкты жаш менеджерлер келет. Бул чоң үй-бүлөнүн бир бөлүгү болуп калганыма Кудайыма миң жолу рахмат айтам. Мен окуу жайымды жакшы көрөм.

уландысы бар...

©  (Автору белгисиз)