Университетибизге балдар үйүнөн коноктор чакырылды


13-декабрда “Ак-Ниет”  кайрымдуулук фонду тарабынан “Сен да кубаныч тартуула” аталышындагы кайрымдуулук акциясы болуп өттү.

Ага “ Үмүт” балдар үйүнөн коноктор чакырылып, аларга оюн-зооктор, бий-тамашалар көрсөтүлдү. Ошондой эле университет тарабынан конокторго белектер берилди. Мындан сырткары аларга түшкү тамак университетибиз тарабынан берилди. 

Кайрымдуулук акциясы “Ак-Ниет”  кайрымдуулук фондунун түптөөчүсү Тынчтык Майрамбек уулунун жана Студенттик Кеңештин колдоосу менен балдарга кубаныч тартуулоо максатында уюштурулган.

Эскерте кетсек аты аталган фонд тарабынан жыл сайын ушул иш чара уюштурулуп келет.

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева