Теология менен Көркөм өнөр факультети ректор менен жолугушту


14-декабрь күнү университеттин ректору  Проф., док. Себахаттин Балжы Теология менен Көркөм өнөр факультетинин мугалимдер жамааты жана студенттери менен   маектешүү кечесин өткөрдү.

  

Маектешүү кече көчмөндөр оюнунда тартылган кыска фильмди көрсөтүү менен башталды. Ректор жолугушууда жашоодо чоң мааниге ээ болгон убакытты туура пайдалануу, замандын агымы менен билим алуу жана адам катары татыктуу өмүр сүрүү темаларында маек курду. Ректор маегинде  “Окуу жайыбыздын студенттеринин билим деңгээлинин төмөн  болушу, орунсуз жаман иштерге барышы бизге туура келбейт. Биз мыкты кадрларды гана  даярдабай, адеп ахлактуу жаштарды да тарбиялайбыз”,- деп баса белгиледи. 

Мындан тышкары маектешүүдө “Манас Лайф” студенттик порталы даярдаган видео суроолор менен студенттердин суроолоруна  жооп берип, сунушталган ой-пикирлерди колдоого алды.

Эскерте кетсек, өткөн жумада  Коммуникация факультети менен маектешүү кечеси өткөрүлгөн. 

Жолугушууда студенттер тарабынан төмөнкүдөй суроолор берилди:

1.Музыка бөлүмүнө заманбап үлгүдөгү  фортепианолорду алып берүү мүмкүнчүлүгү барбы?

 Проф., док. Себахаттин Балжы: Университетибизде таланттуу студенттер абдан көп. Алардын талантын өркүндөтүүдө заманбап музыкалык аспаптардын да ролу чоң. Силер колдонуп жаткан аспаптар да заманбап, ал эми андан дагы жаңысын кааласаңар сөзсүз түрдө алып беребиз. 

2.Окуу жайдын короосуна машиналарды киргизүүгө эмне үчүн тыюу салынды?

Проф., док. Себахаттин Балжы: Буга чейин университеттин айланасына студенттер менен мугалимдердин машинасын киргизүүгө уруксаат берилчү. Бирок акыркы учурда машиналардын саны өтө көбөйүп биринчиден абаны бузуп ден-соолукка зыян алып келсе, экинчиден ыңгайсыздык жаратып жатат. Атайын  унаа токтотуучу жай болгондон кийин башка жерге токтотуунун кереги жок деп ойлойм. Университеттен унаа токтотуучу жайга чейин болгону беш, он мүнөт  ал эми жөө басуу ден-соолукка да пайдалуу.

3.Музыка сиздин жашооңузда кандай мааниге ээ?

Проф., док. Себахаттин Балжы: Музыканы баардык адамдар жакшы көргөндөй эле мен дагы абдан жакшы көрөм. Музыка адамды эс алдырат. Мен музыка угуп чуркайм бул бир жагынан  менин маанайымды көтөрсө, чуркаганым ден-соолугумду чыңдайт.

4.Кайсы кыргыз актёрлорун баалайсыз?

Проф., док. Себахаттин Балжы: Окуу жайыбыздын көркөм өнөр факультетинде билим берип жаткан баардык актёр мугалимдердин талантын баалайм.

5.Сиз менен өз алдынча жолугуп, сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүм барбы?

Проф., док. Себахаттин Балжы: Албетте, жуманын шейшемби жана жума күндөрү саат 16:30 дан 17:30 арасында ректор катары эмес бир агаң, бир атаң, бир кеңешчиң катары жолугуу мүмкүнчүлүгүң бар. Бул бир гана сага эмес, баардык студенттерге дагы тиешелүү.     

Даярдаган: Адинай Курманова