Бильярддын чемпиондору аныкталды


14-16-декабрь күндөрү “Спорт” комитети тарабынан бильярд боюнча студенттер арасында  чемпионат уюштурулду. 

Жалпы 23 оюнчу катышып, финалга 4 студент озуп чыкты. Кызуу таймаштын соңунда 1-орунду көркөм өнөр факультетинин 2-курсунун студенти Космос Сыргаков багындырып, баш байгеге ээ болсо, 2-орунга туризм жана мейманкана жогорку мектебинин 2-курсунун студенти Руслан Низаев, 3-орунга экономика жана башкаруу факультетинин 3-курсунун студенттери Нурбек Орозалиев жана Бегимай Баатырбекова татыган. Жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылып, мактоо баракчалары менен сыйланышты. 

Айта кетсек, эркектердин оюну деп эсептелген бильярдга эки кызыбыз Айдана Токтоматова жана Бегимай Баатырбекова мыкты деңгээлде катышып, өзгөчө сыйлыктарга ээ болушту. 

Даярдаган: Асел Шамилова