Ынтымакка чакырган “Сармерден”


22-декабрда К. Тыныстанов жыйындар залында "Жаңырык" адабий клубу жана Студенттик кеңеш тарабынан “Кыз-жигит сармерден” оюну уюштурулду. 

Оюнда кыздар менен жигиттер акыйнек, макал-лакап, табышмак, жаңылмачтарды жаңылбай айтышып, таланттарын тартуулашты. Мындан тышкары обондуу ыр-күүлөрдү аккордеон, комуздун коштоосунда жандуу аткарышып, залды толкутуп отурушту.  

Айта кетсек, “Сармерден” ата-бабалардан калган кыргыздын кыз-жигит оюну болуп эсептелинет. Жаштардын чогулуп, сүйүү ырларын кезектешип аткарып, таланттары менен таймашуусу. "Жаңырык" адабий клубу жана Студенттик кеңеш “Сармерденди” ар жыл сайын уюштуруп турушут. 

Даярдаган: Асел Шамилова