Солтобек Эркин “Manas Life” порталынан кетти


Үстүбүздөгү жылдын 27-январь күнү “Manas Life” студенттик - маанайшат порталынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Солтобек Эркиндин ордуна Асел Шамилова убактылуу дайындалды.

Жаңы жетекчини тандоо команда мүчөлөрүнүн арасында  жашыруун добуш берүү аркылуу өткөрүлдү. Жыйынтыгында порталдын кабарчысы Асел Шамилова талапкерлердин ичинен көпчүлүктүн добушуна ээ болуп, жетекчилик кызматка дайындалды

Солтобек орчундуу себептерден улам жетекчилик кызматын команда мүчөлөрүнүн бирине убактылуу тапшырып берүүгө туура келгенин билдирди. Ал кызматын өткөрүп берип жатып “Командабыздын ар бир мүчөсү “Манастын” студенти эртең менен  ойгонгондо интернеттен окуу жайыбыздын сүрөтүн көрүп, ушул университетте окуганына сыймыктанып, жүзүндө жылмаюунун пайда болуусу үчүн талыкпай аракеттенип келет. Командамдын талыкпаган эмгеги, аракетчилдиги менен көптөгөн ийгиликтерди багынтарына ишенем жана биздин порталыбыздын ар бир колдонуучусуна рахмат айтам”, -деп баса белгиледи. Ошондой эле колдоо көрсөткөн ректорубуз Себахаттин Балжы агайга жана Студенттик Иштер Башкармачылыгынын мүдүрү Кыял Турдакунова эжейибизге ыраазычылык билдирип, команда мүчөлөрүнө ийгилик каалады. 

Белгилей кетсек, “Manas Life” студенттик порталы 2015-2016-окуу жылында түзүлүп, “Манас” университетинин маданий, спорттук иш-чараларын жана студенттердин кызыктуу жашоосун чагылдырып келүүдө.  

                Даярдаган: Адинай Курманова