Табигый илимдер факультетинин студенттери менен ректор жолукту


8-февралда ректор проф., док. Себахаттин Балжы жана проректор проф., док.Анварбек Мокеев   Табигый илимдер факультетинин студенттери менен маектешүү кечесин  өткөрдү. Ага Табигый илимдер факультетинин мугалимдер жамааты жана студенттери катышты. 

Алгач университетибизди тааныткан жана көчмөндөр оюнунда университетибиз тарабынан тартылган видеолор удаалаш көрсөтүлдү. Андан соң ректор турмуш жолундагы тажрыйбалары тууралуу айтып, кеп-кеңештерин берди.

Андан соң “Manas Life” студенттик порталы тарабынан даярдалган видео суроо көрсөтүлдү. Ошондой эле келген студенттер да суроолорун берип, ректордон жооп алышты. 

Эскерте кетсек, ушул сымал жолугушуулар өткөн жылдын 23-ноябрынан баштап уюштурулуп келе жатат. Алдыда Өсүмдүктөрдү коргоо жана Ветеринария факультеттерининин студенттери менен жолугушуу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, жолугушуулар ректорат тарабынан студенттер менен жакындан таанышуу, маектешүү жана аларга мотивация беруү максатында  уюштурулууда.

Жолугушууда берилген суроолордон бир нечеси: 

1.Жалпысынан канча иште иштегенсиз?

Проф., док. Себахаттин Балжы: Жалпысынан 6-7 түрдөгү жумушта иштедим.

2.Ректор болуу кыйынбы? Кандай кыйын жактары бар?

Проф., док. Себахаттин Балжы: Ректор болуунун, дегеле башкаруунун өзүнө жараша оор жактары бар. Бирок алар тууралуу айтып, жаш лидерлерди коркутпай эле коёюн

3. Бүтүндөө экзаменин эмнеге алып салышты?

Проф., док. Себахаттин Балжы: Бүтүндөө экзаменине жалкоолор гана кирет. Биздин студенттер жалкоо эмес, аларга бүтүндөө экзаменинин кереги жок экенине ишенем. 

4. Табигый иимдер факультетинде эки жыл гана Англис тилин үйрөнөбүз. Ошону көбөйтсө болбойбу? 

Проф., док. Себахаттин Балжы: Силердин факультетиңердин  окуу планына Англис тили эки жылга киргизилген, анткени силер Табигый илимдер факультетинин студенттерисиңер, ошондуктан көбүнчө табигый илимдерге басым жасалат.

5. Бош маалыңызда эмне кыласыз? Биз бош маалыбызда эмне кылалы? 

Проф., док. Себахаттин Балжы: Бош маалыңарда кесибиңерден тышкаркы нерселерге көңүл буруп,өзүңөрдү башка багыттарда сынап көргүлө. Балким көмүскөдө калган дагы башка таланттарыңар да бар чыгар. Эң негизгиси сааттарды туура бөлүштүрүү зарыл. Суткада 12 саатты окууга, эмгектенүүгө жумшашыбыз керек. Ошондо гана келечек колубузда болот!

 

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева