Монголиянын элчилиги менен жолугушуу


9-февралда Монголиянын Кыргызстандагы консулдугунан кеңешчи-консул Энхбат Сандаг жана анын орун басары Сумъяга Гончиг  университетибизде окуган Монголиялык студенттер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Монголия жарандарынын документтик иштери талкууланды. Чет өлкөдөн келген студенттер үчүн өлкөбүзгө кирип чыгууда эрежелер жана укуктар тууралуу маалымат берилгенден кийин студенттер кенен суроо жооп ала алышты. 

Андан соң Монголиянын өкүлдөрү Алтыншаш Уньер жана Цогерел Баттулга университетибизде Эл аралык  координаторлук  тарабынан уюштурула турчу иш-чаралар тууралуу айтып, ага элчилерди конокко  чакырышты. 

Университетибизде Эл Аралык Студенттер Координаторлугу тарабынан өткөрүлүп жаткан жолугушууларга буга чейин Казакстандын жана Таджикистандын элчилигинин өкүлдөрү келишкен. 

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева