Ректор менен маектешүү кечелери уланууда


15-январь күнү университетибиздин  ректору проф., док. Себахаттин Балжы, проректор проф., док. Анварбек Мокеев Айыл чарба жана Ветеринардык факультетинин студенттери менен   маектешүү кечесин өткөрдү.  

Жолугушуу кече окуу жайдын таанытым видеосу жана көчмөндөр оюнунда тартылган кыска фильмди көрсөтүү менен башталды. Маектешүүдө ректор алгач факультеттердин жетишкендиктери менен көйгөйлөрүнө токтолду. Ал өз сөзүндө Айыл чарба жана Ветеринардык факультеттерин эң керектүү адистерди  даярдоочу булак экенин баса белгиледи. Мындан тышкары “Өтө тездик менен өнүгүп жаткан технологиянын  доорунда замандын агымы менен билим алуу керек. Турмуш бою үйрөнүү-эң туура тандоо”,- деп билдирди. 

Жолугушуунун соңунда маектешүүгө келген студенттердин жана “Manаs Life” студенттик порталы тарабынан даярдалган видеосуроолорго жооп беришти.

Эскерте кетсек, өткөн жумада Табигый илимдер факультетинин студенттеринин жолугушуусу өткөрүлгөн.  

Жолугушууда студенттер тарабынан берилген кээ бир суроолор төмөнкүдөй:

1. Практика өтүү үчүн теплица куруу мүмкүнчүлүгү барбы?

Проф., док Себахаттин Балжы: Айыл чарба факультетинин жаңы курулуп бүткөн имаратында практика өтүү үчүн эң мыкты шарттар түзүлдү. Жаңы имаратка киргенибизде теплица курууга муктаждык калбайт. 

2. Эмне үчүн “Мевлана” алмашуу программасында студенттерди кабыл алуу орундары кыскарды?

 Проф., док Себахаттин Балжы: Экономикалык жагдайларга байланыштуу чектөөлөр киргизилди. Ошондой эле айрым факультеттерде “Мевлана” алмашуу программасы алынды. Буга карабай бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен бизге бөлүнгөн орундарды көбөйтүү үчүн колдон келген аракеттерди көрдүк. 

3. “AGRO Progress” клубунун шаар сыртындагы фермаларда өтүлүүчү семинарларына барып келүү үчүн окуу жайдын автобустарын берүү мүмкүнчүлүгү барбы? 

Проф., док Себахаттин Балжы: Силер жакшы иштерди кылып жатасыңар. Албетте, дайыма колдоо көрсөтөбүз.

Даярдаган: Адинай Курманова