КТМУ Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын салттуу кышкы экскурсиясы өткөрүлдү


Университетибиздин Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан cалттуу кышкы экскурсиясынын бешинчиси 2017-жылдын 18-февралында  “Чуңкурчак” лыжа базасында өткөрүлдү. Бул жылы экскурсия Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын демөөрчүлүгү менен университетибиздин активдүү студенттери үчүн уюштурулду.

Экскурсияга университетибиздин ректору проф., др. Себахаттин Балжы, проректору проф., др. Хусейин Өгүт жана баш катчысы Зия Арпалы катышты. 

Ректор проф., др. Себахаттин Балжы өз сөзүндө, Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясына ыраазычылыгын билдирип, бүтүрүүчүлөр менен студенттердин биримдикте болуусу чоң мааниге ээ экенин баса белгилеп, университет жетекчилиги ар дайым студенттери жана бүтүрүүчүлөрү менен бирге болуп, аларга бардык жактан колдоо көрсөтө тургандыгын айтып өттү. 

Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын төрагасы Серхат Атмажа жана төрага жардамчысы Кыял Турдакунова болсо, 5-салттуу кышкы экскурсиянын өткөрүлүүсүнө колдоо көрсөткөн Ректорубуздан баштап, бардык жардам бергендерге жана катышуучуларга терең ыраазычылыктарын билдиришип, бүтүрүүчүлөрүбүз жана студенттерибиз бир чоң үй-бүлө экенин айтышты.

Катышуучулар көңүлдүү эс алуу менен бирге чогуу тамактанышып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Даярдаган: Асел Шамилова