“Биз көздөгөн бийиктик” поэзия кечеси өткөрүлдү


Даярдоо курсунун студенттери, жаш акындар Мирлан Аскаров менен Айжана Өскөнбай кызынын “Биз көздөгөн бийиктик” аталышындагы поэзия кечеси өткөрүлдү. Кече Студенттик Кеңеш менен “Жигер”, “Жаңы толкун” адабий клубдарынын колдоосу менен уюштурулган. 

Поэзия кечеде чыгармачылыкка жаңы кадам таштаган жаш акындардын калемине таандык ырлары элдин сынына коюлду. Кеченин биринчи бөлүгү  “Күздөгү арзуулар” деп аталып, сахналаштырылган оюндун коштоосунда махабат ырлары окулду. Ал эми экинчи бөлүгү “Атуулдук сезимдер” темасынын алкагында  мекен, ата-эне, эне тил тууралуу  патриоттук ырлар көркөм айтылды. Соңку бөлүгү каалоо-тилек, акыл-насаат ырлары менен жыйынтыкталды.  

 Иш-чаранын соңунда конок катары чакырылган акын, философ Өмүрбүбү Бегалиева жаш акындарга чыгармачылык ийгилик каалап, өзүнүн  калемине таандык китебин белекке берди.

Кошумчалай кетсек, 2016-жылы Мирлан Аскаровдун “Сүйгөнүмө кайрылуу”, Айжана Өскөнбай кызынын “Наристе ырларым” аталышындагы ыр китептери жарык көргөн.  

Даярдаган: Адинай Курманова