Адашканың тажрыйба, аракетиң ийгилик!


17-февралда Студенттик Кеңештин  “Инсандык өнүгүү” клубу  бул окуу жылындагы алгачкы семинарын өткөрдү.  

Семинардын коногу  БН тренинг борборунун жетекчиси Бурулкан Нуракова болуп, “Адашканың тажрыйба, аракетиң ийгилик” темасында семинар өттү. Семинарда  өзүнүн аракетчилдиги жана талыкпаган эмгектенүүсүнүн аркасында жеткен ийгиликтери менен бөлүшүп, талыкпаган эмгек менен көздөгөн максатка жетүүгө мүмкүн экенин баса белгиледи. Мындан тышкары өзүн-өзү баалоо, чечендик өнөр, уялчаактыктан арылуу жөнүндө айтып берип, тажрыйбалары менен бөлүштү.   

Ошондой эле “Максаттарыңызды ишке ашырууда тоскоолдуктардан, адашуудан коркуп турсаңыз, жаңылышасыз. Себеби коркуп тура берсеңиз максаттарыңыз эч качан өзү ишке ашпайт. Эгер адашсаңыз дагы аны тажрыйба катары кабыл алыңыз да, алдыга карай умтулуңуз”, - деп студенттерди шыктандырган сөзү менен семинарды жыйынтыктады. 

Семинардын соңунда  студенттердин суроолоруна жооп берип, ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.   

Белгилей кетсек,  “Инсандык өнүгүү” клубу 2013-жылдын март айында түзүлгөн. Клубдун максаты студенттердин ар тараптан өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат. 

 

Даярдаган: Адинай Курманова