Афганистандын элчиси студенттер менен жолугушту


Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы  толук ыйгарымдуу элчиси Мухаммед Исса  Месбах окуу жайыбызда билим алып жаткан афган студенттери менен жолугушту.  

Элчи менен таанышуу жана маектешүү кече университеттин ректору, проф., док Себахаттин Балжынын сөзү менен ачылды. Жолугушууда  элчи студенттердин окуу жайдагы жетишкендиктери  менен таанышып, алардын окууларына ийгилик каалады. Ошондой эле “Университет тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура жана пайдалуу колдонууга чакырам. Силерге болгон ишеничибиз чоң, үмүтүбүз акталат деген ойдомун”,- деп билдирди. Жолугушуунун соңунда элчи студенттердин суроолоруна жооп берип, ар кандай жагдайда жардам көрсөтө турганын баса белгиледи. 

Ар улуттун элчилиги менен жолугушуу иш-чараларынын максаты студенттер менен жакындан  таанышуу, мотивация берүү, көйгөйлөрү болсо чечүү жана инициативаларына колдоо көрсөтүү 

Университетибизде жалпы 14 улуттун студенттери билим алышууда. Ал эми афган студенттеринин саны 66 ны түзөт. 

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстан, Тажикистан элчиликтери жана Монголиянын консулдугу жолугушуу өткөрүлгөн.  

Даярдаган: Адинай Курманова