“Ойлон шоу” клубу 3 жашта


Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Студенттик Кеңештин “Ойлон шоу” интеллектуалдык клубу 6-сезондун финалдык турун өткөрүп, үч жашын белгиледи. Оюнга “Акыл кенчи” китебинин автору Гүлүмкан Кубанычбек кызы, “Лидер” жаштар уюмунун жетекчиси Бекбай Тыныбек уулу, Студенттик Кеңештин төрагасы жана орунбасары Залкар Аманов менен Атилла Гүвен калыстык милдетти аткарышты.

Таймаш “Улуттук баалулуктар” деп аталып, улуттук баш кийимден тартып, аспаптарга, оюндарга, тарыхый жерлерге, каада-салттарга жана кол өнөрчүлүккө байланышкан суроолор берилди. Финалдык таймашта жалпы алты команда катышып, эки турдун алкагында күч сынашты. 1-турда командалык оюн орун алса, 2-турда команда капитандары таймашты. Оюн тең чыгуулар менен коштолуп, кошумча берилген суроолордун жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды. Натыйжада 3-орунду “Интеллект”, 2-орунду “Олимп” командасы ээледи. Ал эми 1-орунга “А4” командасы татыктуу болуп 6-сезондун чемпиону аталды. Бул команда бир канча оюндарда жеңишке жетип, 5-сезондо да чемпиондукка ээ болгон. Жеңүүчүлөр “Жал” кинотеатрына киного билет, “Кыргыз элинин чечендик өнөрү”, “Акыл кенчи” китептери, окуу жайыбыз тарабынан берилген белектер жана ардак грамоталар менен сыйланды.  

“Ойлош шоу” клубу финалдык оюн менен катар үч жылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу оюн бир гана таймашуу менен өтпөй, көрүүчүлөргө да суроолор берилип, белектер тапшырылды. Мындан тышкары “Салбуурун” федерациясынан келген Рустам Ногойбаев менен Самат Сүйөркулов  жаа атуу өнөрчүлүгүн көрсөтүп кайтышты. 

Белгилей кетсек “Ойлон шоу” интеллектуалдык клубу 2014-жылы Абдырахман Сулайман тарабынан түзүлгөн. Учурда клуб Клара Заитованын жетекчилиги менен 13 студент иш  алып барууда. 

 

Даярдаган: Адинай Курманова