Юнус Эмрени эскерүү кечеси өткөрүлдү


24-февралда университетибиздин К. Тыныстанов атындагы жыйындар залында Гуманитардык факультети жана Эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан “Түрк дүйнөсүнүн жылдыздары” долбоорунун алкагында улуу жазуучу, окумуштуу  Юнус Эмрени эскерүү кечеси өткөрүулдү.

Ага ректор Проф. Док. Себахаттин Балжы, университетибиздин мугалимдер жамааты жана студенттер катышты.

Кечеде залкар жазуучунун “ Чакырайын Мевлам сени”, “Юсуфту жоготтум”, “ Аты да сулуу, өзү да сулуу Мухаммед” аттуу жана башка ырлары кыргыз, түрк, казак, фарсы, өзбек жана орус тилдеринде көркөм окулду. 

Мындан тышкары Юнус Эмренин өмүр жолу тууралуу видео тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле жазуучу тууралуу cценкалар аткарылып, кече жыйынтыкталды.

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева