“Манас” 7 областта


23-февралда “Манас таанытуу” программасынын отчету болду. Иш-чарага 63 студент катышып, жалпы 5380 ден ашык абитуриентке маалымат берилген.

Университетти таанытуу кышкы эс алууда өтүп, студенттер 7 областтын орто мектептерин кыдырышкан. Мындан тышкары областтардагы ар бир райондук, айылдык мектептерге чейин барышкан. Окуучуларга университетибиздеги мүмкүнчүлүктөрдөн тарта окуу шарттарындагы талаптарга чейин маалымат берилген. 

“Окуу жайыбыз билимдүү жана тартиптүү студенттер менен жарык. Алтын уябызда мындай студенттердин көп болушу келечегибиздин кең болушун камсыздайт. Бизге дал ушундай окуучулар керек.” – деди ректор, проф., док. Себахаттин Балжы.

Айта кетсек, “Манас таанытуу” иш-чарасы жыл сайын Студенттик кеңеш тарабынан өткөрүлүп келет.

                                                                                                            Даярдаган: Асел Шамилова