“AGRO INTELLECT-2017” адистик акыл таймашы өткөрүлдү


 “AGRO Progress” клубу тарабынан “AGRO INTELLECT-2017” аталышындагы интеллектуалдык адистик акыл таймаш өткөрүлдү.

Таймашта К.И.Скрябин атындагы Агрардык университет менен “Манас” университетинин студенттери күч сынашты. Оюнга “Агрардык платформа” коомдук бирикмесинин директорунун орун басары Гүлнара Исманалиева, “Жашыл чарба” агрохолдингинин башкы директору Тилек Токтогазиев жана окуу жайыбыздын айыл-чарба факультетинин деканы Мустафа Паксой  калыстык кылып, күбө болуп кайтышты. Мындан тышкары атайын конок катары чакырылган эстрада ырчысы Ильяз Андаш жагымдуу ырларын аткарып, иш-чарага шаң кошуп кайтты. 

Таймаш эки университеттин достугун чыңдоо жана студенттердин айыл чарба багытындагы билимин бекемдөө, текшерүү максатында уюштурулган. 

Оюнда “Агровет” жана “Greenpeace” командалары күч сынашып, үч турда жалпы 50 суроого жооп беришти. Суроолор айыл-чарбанын келип чыгышынан тартып өнүгүшүнө, өзгөчөлүктөрүнө байланышкан жалпы жана логикалык багытта берилди. Жыйынтыгында “Greenpeace” командасы жеңүүчү аталып, ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланды.  

“AGRO Progress” клубу учурда Капар Насирдиновдун жетекчилиги менен иш алып барууда.

Даярдаган: Адинай Курманова