“Ойлон шоу” клубунун оюнуна жалпы 10 миң сом байге коюлду


Үстүбүздөгү жылдын 9-мартында Студенттик Кеңештин “Ойлон шоу” интеллектуалдык клубу 7-сезонунун ачылыш оюнун өткөрдү. Оюн белгилүү режиссёр, 5-март “Ак калпак” күнүнүн негиздөөчүсү Ырысбек Жабировдун демөөрчүлүгү жана колдоосу астында өткөрүлдү. Оюнга белгилүү журналист Тынчтыкбек Кожобеков, эстрада ырчылары Султан Садыралиев, Ильяз Абдразаков жана “Манас” университетинин бүтүрүүчүсү, эстрада ырчысы, алып баруучу Урмат Усенов калыстык кылып, күбө болуп кайтышты. 

Таймашта “Дүйнөлүк маданият” темасынын алкагында  “Манас” эпосунан тарта кино, адабият, музыка тармагына, тарыхый жерлерге байланышкан суроолор берилди. Ачылыш оюнда жалпы он алты команда катышып, тандоо турунан өткөн он команда  эки турдун алкагында күч сынашты. 1-турда команда капитандары таймашса, 2-турда командалык оюн орун алды. Таймаш тең чыгуулар менен коштолуп, кошумча берилген суроолордун жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды.

 

Натыйжада 4-орунга “Mind mix” командасы ээ болуп 1000 сом, 3-орунду ээлеген  “Олимп” командасы 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми аз гана упай менен артта калган “Легион” командасы 2-орунду ээлеп 3000 сом, 1-орунга “Айкөл” командасы татыктуу болуп 4000 сом жана ардак грамоталар менен сыйланды.  

Оюнда калыстар тобу тарабынан адаттагыдай эле көрүүчүлөргө да суроолор берилип акчалай сыйлыктар берилди. 

Мындан тышкары  таймаш эстрада ырчылары Султан Садыралиев жана Ильяз Абдразаковдун аткаруусундагы жагымдуу чыгармалар менен коштолду. 

 

Даярдаган: Адинай Курманова