“Башкалардан аз уктап, көбүрөөк иште”


17-март күнү “IMM Coaching” билим берүү борборунун директору Лилия Когай тарабынан “Лидерлик” боюнча тренинг жана IELTS/TOEFL  тууралуу маалымдама семинары өткөрүлдү. 

Семинар эң мыкты лидер болуу үчүн адамга кандай сапаттар керек? жана ал сапаттарды адамда жаратуу үчүн кандай баскычтардан өтүүгө тийишпиз? деген суроолордун тегерегинде жүргүзүлдү. Лилия Когай  өз сөзүндө “Лидер болуу көпчүлүк ойлогондой оңой иш эмес. Ал үчүн башкалардан аз уктап, көбүрөөк иштөө керек”,-деп баса белгиледи. Ошондой эле лидер   команданын ар бир мүчөсүн ишендирип,  мотивация бере тургандай оратордук чеберчилиги мыкты болууга тийиш деп билдирди. 

“Лидерлик” боюнча тренинг менен катар IELTS/TOEFL  тууралуу маалымдама семинары өтүлдү. Маалымдама семинарында IELTS/TOEFL  тесттерин тапшырууга даярдык көрүү үчүн аткарылчу  бир катар маанилүү баскычтар айтылып, кенен маалымат берилди.

Ошондой эле катышуучулардын англис тилин текшерүүгө багытталган оюндар ойнотулуп,  студенттердин суроо-жооп алмашуусу менен жыйынтыкталды. 

Даярдаган: Адинай Курманова