“Нооруз-2017” майрамдык салтанаты өткөрүлдү


Университетибизде “Нооруз-2017” майрамдык салтанаты өткөрүлдү. Иш-чара К.Тыныстанов жыйындар залында чоң программадагы майрамдык концерт менен башталды.

Концертке Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч, университеттин ректору, проф., докт. Себахаттин Балжы, биринчи проректору проф., докт. Асылбек Кулмырзаев, жалпы мугалимдер жамааты, атайын чакырылган коноктор жана студенттер күбө болуп кайтышты.

Концерттин жүрүшүндө Баба дыйкан менен Умай эненин үрөн сээп, бата берген театралдык оюну көрсөтүлдү. Анда окуу жайда окуган 14 чет элдик студент өз эне тилинде куттуктоо ырларын айтышты. Куттуктоо сөзүн сүйлөгөн элчи Метин Кылыч “Нооруз майрамынын белгилениши улуттук баалуулуктардын даңазаланышынын белгиси катары да эсептелет”,- деп билдирди.

Ал эми ачылыш сөзүн сүйлөгөн университеттин ректору, проф., докт. Себахаттин Балжы “Нооруз майрамы-жаңы жакшылыктардын, жаңылануунун башаты”,- деп белгиледи.

Даярдаган: Адинай Курманова