Manas_BLOGS: Чыныгы достукту таптым...


Жашоосун доссуз өткөргөн адам жок болсо керек бул дүйнөдө. Достук жөнүндө кеп башталаар замат баарыбыз :"Дос кыйын күндө таштабайт , жардам берет,колдойт"-деп чыга келебиз.

Ал эми чындыгында биз өзүбүз досторубузду кыйын күндө унутуп койобуз. Эч ким сенин кыйналганыңды, ыйлаганыңды байкабайт. А бирок баары сенин катаңды байкап турат эмеспи?! Мен жакшымды ашырган, жаманымды жашырган, кыйналсам жардамдашчу, ыйлаганында сооротчу досторумду "Манас" университетимден таптым. Азыр болсо алар менин жашоомдун бүтүндөй бир бөлүгүнө айланган...

Мени таң калтырган, бул окуу жайда окуп жатканыма дагы бир ирет сыймыктануума себеп болгон окуяны айтпай коюга болбойт! Алгач телефонумду, кийинчерээк акчамды жоготуп алдым. Бирок баарын кайра таптым. Эң кызыгы аны мен издеген жокмун, мага алып келип беришти. Калтырып койгон буюмуңду бир топ кун өтсө да, койгон жеринде турганын көрөсүң. "Манас" университетинде окуган ар бир студенттин башкалардан айырмалаган кыйла өзгөчөлүктөрү бар. Биз өзүбүздү "Манастыктар" деп айтабыз жана биз бир бүтүн үй-бүлөбүз...

© Гулдана Авазбекова