Кезекте Инженердик факультет


29-март күнү университетибиздин ректору проф., док. Себахаттин Балжы, проректор проф., док. Анварбек Мокеев инженерия факультетинин студенттери менен маектешүү кечесин өткөрдү.

Маектешүү кече окуу жайдын таанытым видеосу жана дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда тартылган кыска фильмди көрсөтүү менен башталды. Ректор маегинде инженерия факультетинде түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдөн кеп салып, адамдык сапаттар, ийгилик жаратуудагы өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө «Башкаларга окшош болуу силерди эч качан өзгөчө кылбайт. Өзгөлөрдөн мыкты адамдык сапаттарыңар жана жогорку билимиңер менен айырмаланышыңар керек”, -деп билдирди.

Ал эми проректор инженерия факультетинде окуган студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн айтып, бул мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланууга чакырды. Жолугушуунун соңунда маектешүүгө келген студенттердин жана “Manаs Life” студенттик порталы тарабынан даярдалган видеосуроолорго жооп беришти.

Эскерте кетсек, буга чейин ректор менен кесиптик жогорку мектебинин студенттеринин маектешүү кечеси өткөрүлгөн.

Жолугушууда студенттер тарабынан төмөнкүдөй суроолор берилди.

1.Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

Проф. док. Себахаттин Балжы: 87 жашындагы апам, жубайым жана эки уулум бар. Эки уулум тең инженердик кесиптин ээлери.

2. Инжиенерия факультетинин сабактары оор болгондуктан ортоломо балды 3.0 дөн жогору алуу мүмкүнчүлүгү аз. Биздин факультет үчүн ортоломо балы 2.5 тен жогору болгондорго стипендия берүү мүмкүнчүлүгү барбы?

Проф. док. Себахаттин Балжы: Сабактар оор деген маселе болбошу керек. Инженерия факультетине эң күчтүү студенттер гана өтө алышат. Андыктан жалкоолукту таштап, дагы көбүрөөк окуш керек. Инженерия факультетинен ортоломо балы 4.0 го жеткендер деле бар. Ал студенттердин сабактары жеңил, силердикин оор десек жаңылышкан болобуз.

3. Медициналык факультет ачылабы?

Проф. док. Себахаттин Балжы: Медициналык факультетти ачуу планыбызда бар. Учурда пландары түзүлүп, алгачкы иштери жасалууда. Буюрса жакынкы он жылдын ичинде бул факультеттин алгачкы студенттерин кабыл алган күнүбүз да келет.

Даярдаган: Элина Мамытканова