А. Осмоновдун үй-музейи калыбына келтирилет


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Студенттик Кеңешинин төрагасы Залкар Аманов жана анын орун басары Атилла Гувен Бишкектеги бир катар университеттердин төрагалары жана коомдук бирикмелердин лидерлери менен улуу акын А. Осмоновдун үй-музейин калыбына келтирүү маселесин талкуулоо максатында жолукту.

Талкуулоонун жүрүшүндө маселени чечүү үчүн демөөрчү табуу жана жогорку деңгээлде салтанаттуу концерт берип, түшкөн каражатка оңдоо иштерин жүргүзүү жолдору сунушталды. Сунушталган эки жол тең бир добуштан колдоо көрүп, апрель айынын аягында “Алыкул ашар” аттуу концерт уюштурулмакчы.

Белгилей кетсек, А.Осмоновдун Бишкектеги үй-музейи учурда жараксыз абалда болуп, оңдоого муктаж.

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева