“Ойлон шоу” кезектеги оюнун өткөрдү


Студенттик Кеңештин “Ойлон шоу” интеллектуалдык клубунун 7-сезонунун 2- оюну уюштурулду. Оюн белгилүү новатор, “Жылдын мыкты мугалим” наамынын ээси Гапыр Мадаминовдун эң мыкты китептеринин бири “Ой өрүшү-кругозор” китебинин негизинде өткөрүлдү. Оюнга Гапыр Мадаминовдун окуучусу Жамалидин Айтбаев жана Студенттик Кеңештин мүчөлөрү калыстык милдетти аткарышты.


        Таймаш жаңы форматта уюштурулуп, жалпы үч тур менен өткөрүлдү. Оюнга 11 команда аттанып, жыйынтыгында тандоо турунан өткөн 10 команда эки турда күч сынашты. Катышуучулар “Ой өрүшү-кругозор” китебинин негизинде түзүлгөн кругозорду кеңейтүүнүн жолдору, туура ой-жүгүртүүгө байланышкан жана логикалык суроолорго жооп беришти.


        1-турда команда капитандары таймашса, 2-турда команда мүчөлөрүнүн ортосунда оозеки суроо-жооп таймашы орун алды. Таймаш башка оюндардан айырмаланып мектеп окуучуларынан түзүлгөн эки команданын катышуусу менен өттү. Жыйынтыгы тең чыгуулар менен коштолуп, кошумча берилген суроолор боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.     
        Натыйжада     КММА дан келген “Ийгилик” командасы 1-орунга, мектеп окуучуларынын “Алтын түйүн” командасы 2-орунга ээ болду. Ал эми КТМУ нун “Олимп” командасы 3-орунга татыды. Жеңүүчүлөр баалуу белектер жана ардак грамоталар менен сыйланды.


        Оюнда калыстар тобу тарабынан адаттагыдай эле көрүүчүлөргө да суроолор берилип белектер  берилди.
          
                            

Даярдаган: Адинай Курманова