Ректор менен маектешүү чогулуштары жыйынтыкталды


 5-апрель  күнү университетибиздин  ректору проф., док. Себахаттин Балжы жана проректору  проф., док. Анварбек Мокеев дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин  студенттери менен   маектешүү кечесин өткөрдү.  


         Маектешүү кече окуу жайдын таанытым видеосун көрсөтүү менен башталды. Ректор маегинде спорт жогорку мектебинде түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдөн кеп салып, адамдык сапаттар жана ийгилик жаратуудагы өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө «Башкаларга окшош болуу силерди эч качан өзгөчө кылбайт. Өзгөлөрдөн мыкты адамдык сапаттарыңар жана жогорку билимиңер менен айырмаланышыңар керек”, -деп билдирди. Ал эми проректор дене тарбия жана спорт жогорку мектебинде окуган студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн айтып, бул  мүмкүнчүлүктөрдү  туура пайдаланууга чакырды.


Жолугушуунун соңунда маектешүүгө келген студенттердин жана “Manаs LIFE” студенттик порталы тарабынан даярдалган видеосуроолорго жооп беришти.


Эскерте кетсек, буга чейин ректор менен инженерия факультетинин студенттеринин  маектешүү кечеси өткөрүлгөн. Маектешүү кечелери окуу жылы бою уланып, он экинчи акыркы  жолугушуу спорт жогорку мектебинин студенттеринин жолугушуусу менен аяктады.


Жолугушууда студенттер тарабынан берилген кээ бир суроолор:


1.  Эмне себептен “Мевлана” алмашуу программасы биздин факультеттен алынып салынды?
Проф., док. Себахаттин Балжы: Бул маселени университет чечпейт. Түркиядан айрым факультеттерден “Мевлана” алмашуу программасын алып салуу боюнча көрсөтмө келген. Биз колубуздан келишинче студенттердин санын кыскартпоо үчүн аракет кылдык.


2. Жаш кезиңизде спорттун кайсы түрү менен машыккансыз?
Проф., док. Себахаттин Балжы: Жаш кезимде спорттун бир канча түрүнө барып жүрдүм. Бирок бир түрү боюнча машыкпайм. Таза абада таң эрте чуркайм, бул мен үчүн эң мыкты спорт көнүгүүсү болуп саналат.            
    
             

   Даярдаган: Адинай Курманова