“Hazırlık DANСE BATTLE”


Даярдоо курсунун студенттеринин арасында “Hazırlık DANСE BATTLE” аталышында бий жарышы өткөрүлдү. Иш-чара даярдоо курсунун студенти, бийчи Таалайбек уулу Даниярдын демилгеси менен уюштурулган.
Иш-чарага окуу жайдын белгилүү “Modern Dance” бий тобу жана Студенттик Кеңештин мүчөлөрү калыстык кылып, жеңүүчүлөрдү аныктады.


Бий жарышында жалпы жети студент өнөрлөрүн көрсөтүп, эки этапта күч сынашты. Катышуучулар биринчи этапта өзүлөрү даярдап келген, каалаган жанрдагы бийин аткарышса, экинчи этапта “Modern Dance” бий тобунун бийчилери менен баттлга чыгышты.

Кызуу таймаштын жыйынтыгында Анарбекова Гүзаль 1-орунду алып, жеңүүчү аталды. Ал эми 2-орунду Ивагов Айбат, 3-орунду Сталбекова Альбина ээледи. Жеңүүчүлөр медаль, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.


Мындан тышкары иш-чарада университеттин таланттуу ырчылары Диана Салиеванын, Бексултан Алимбековдун жана Урмат Токомбаевдин аткаруусундагы мыкты чыгармалар жаңырып, “Tamaşaka” клубунун тамашалары менен коштолду.

Даярдаган: Элина Мамытканова