“Сенти” финансылык компаниясы тренинг өткөрдү


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин экономика жана башкаруу факультетинин студенттери үчүн “Сенти” финансылык компаниясы тарабынан “Өздүк акчаны башкаруунун жолдору” аталышындагы тренинг уюштурулду. Тренинг брокер-трейдер Мээрим Кыдыралиева тарабынан өтүлдү.


Тренинг чыгаша менен кирешени башкаруу, кирешенин көбөйүшү, өздүк финансылык план, финансылык максаттар деген темалардын алкагында жүргүзүлдү. Ошондой эле Тренингдин жүрүшүндө акчанын мүнөздөмөсү, Кыргызстандагы акционерлердин орду жана өлкө ичиндеги белгилүү компаниялардын киреше, чыгашалары тууралуу маалыматтар берилди. Мындан тышкары студенттердин өздүк акчасын кантип башкарууну текшерген анкета берилип, өздүк финансылык план түзүүнүн жол-жоболору көрсөтүлдү.

Брокер-трейдер Мээрим Кыдыралиева “Жакшы финансылык деңгээлге жетүү үчүн, кайсы бир ишти баштоодон коркпош керек. Биздин эң негизги катачылыгыбыз-чыгаша болуудан коркуу жана көнүмүш адатка айланган “Сенин колуңдан келмек беле?” деген стереотипти өзүбүзгө сиңирип алганыбыз. Ар бир ийгилик, жеңиш ал тургай киреше майдадан башталат”,- деп тренингди жыйынтыктады.


Мындан тышкары тренинг суроо-жооптор менен коштолуп, студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты.
 

Даярдаган: Адинай Курманова