Бексултан Алимбековдун жеке концерти


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин Музыка бөлүмүнүн 2-курсунун студенти, “Ысык-Көл шаңы-2016” конкурсунун жеңүүчүсү Бексултан Алимбековдун “Ыйыгым” аталышындагы алгачкы тушоо кесүү концерти өткөрүлдү.

Кечеге университеттин окутуучулар жамааты, белгилүү эстрада ырчылары, студенттер жана Бексултандын жакын санаалаштары, достору күбө болуп кайтышты. Кечеде алгач Бексултан Алимбековдун чыгармачылыктын чыйыр жолуна түшкөн таржымалы тууралуу видеотасма көрсөтүлдү. Тасмада Бексултандын чыгармачылыкка аралашкан жолу, билим берип тарбиялаган мугалимдери жана жараткан ийгиликтери тууралуу баяндалды.

Концертте музыкалык аспаптардын коштоосунда, жандуу чыгармалар аткарылып, жаңы ырлардын бет ачаары болду. Ал эми алыпбарууучулук кызматты белгилүү алыпбаруучулар Айзада Жамгырчиева менен Барпы Матраимов аркалап, күйөрмандарга өзгөчө маанай тартуулашты. Концертте Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, композитор Жамилия Муратова, белгилүү эстрада ырчылары Гүльзинат Суранчиева, Тима Мукашев, Бурул Арунова жана окуу жайыбыздын студенти, жаш талант ырчы Сырга Сагынбек кызынын катышуусунда коштолду. Мындан тышкары “Манастын кыздары” бийчилер тобунун кыргыз бийлери жана “Дастан” комузчулар тобунун мыкты күүлөрү менен уланып, фуршет менен жыйынтыкталды. Белгилей кетсек буга чейин аталган бөлүмдүн 4-курсунун студенти Азат Садыковдун тушоо кесүү концерти өткөрүлгөн.

Даярдаган: Адинай Курманова