Дебаттык клубдун орус лигасынын ачылышы


Дебаттык клубунун орус лигасынын ачылышы 23-сентябрда университетибизде болуп өттү. Ачылышка студенттерибиз жана ар башка мектептерден келген окуучулар болуп, 150 дөн ашык катышуучу келди.

Шаарыбыздын эң алдыңкы спикери менен таанышуу жана дебаттагы технологиялар, аналитикалык жана критикалык ой-жүгүртүү боюнча, оратордук чеберчилик жөнүндө кызыктуу тренингдер өттү. Андан сырткары гендердик тең укуктуулук боюнча интерактивдүү оюн болду.

Мындан сырткары келечекте ар ишемби сайын жолугушууларды уюштуруу жана шаардык дебаттык мелдештерге катышуу боюнча пландар кабыл алынды.

Даярдаган: Дебаттык клуб, орус лигасы.