Жаңы окуу жылынын ачылыш аземи өткөрүлдү


Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында К.Тыныстанов жыйындар залында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 2017-2018-окуу жылынын ачылыш аземи өткөрүлдү.
Иш-чарага Түркия Республикасынын толук ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч, университеттин ректору проф., док. Себахаттин Балжы, биринчи проректору проф., док. Асылбек Кулмырзаев жана «Селчук» университетинин ректору проф., док. Мустафа Шахин, окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.


Аземде эки өлкөлкөнүн гимни аткарылып, окуу жайдын таанытым тасмасы көрсөтүлдү. Ал эми жаңы окуу жылынын ачылыш сабагы «Селчук» университетинин ректору проф., док. Мустафа Шахин тарабынан өтүлдү. Ошондой эле Камкорчулар кеңешинин төрагасы жана Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлигинин биринчи орун басары доц., док. Юсуф Текиндин каты окулду.
Ачылыш сөзүн сүйлөгөн университеттин ректору проф., док. Себахаттин Балжы жаңы окуу жылынын пландары менен бөлүшүп, ал пландарды жалпы университеттин жамааты менен ынтымакта жана биримдикте ийгиликтүү ишке ашырарына ишенерин баса белгиледи.

Ал эми Түркия Республикасынын толук ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч окуу жайдын жетишкендиктерин белгилеп, ийгилик каалады.
Кече концерттик программа менен жыйынтыкталды. Концертте “Түрк дүйнөсү” оркестринин чыгармалары аткарылып, “Дастан” комузчулар ансамбли менен “Манастын кыздары” бий тобу өнөрлөрүн тартуулашты.


Кабарчы: Адинай Курманова