Мектеп окуучулары университетибизде конок болушту


Үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында борбор калаабыздагы №81 жана №94 орто мектептеринин 9-11-класстарынын окуучулары университетибизге саякат жасап, таанышып кайтышты.
Мектеп окуучулары К.Тыныстанов жыйындар залында окуужайдын таанытым тасмасына жана “Manas LIFE” студенттик медиа-порталынын, “Manas PEOPLE” скетч-шоу юмористтик долбоорунун видеолоруна күбө болушту.

Ошондой эле университеттин лабараториялары, тв-студия, радио, жатакана, китепкана, ашкана жана спорт залдары менен таанышып кайтышты. Соңунда кызыккан суроолоруна жооп алып, университет тууралуу ой-пикирлерин билдиришти.


Белгилей кетсек, мектеп окуучулары “Баланын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун жана “Жаркын келечек” долбоорунун алкагында тандалып алынган.

Долбоордун максаты Бишкектин алыскы конуштарында билим алып жаткан окуучуларды билим алууга жана дени сак (ичимдик жана наркотиксиз) жашоого үгүттөө.

Даярдаган: Адинай Курманова