“Manas Cup-2017”: Кубок кайсы командага кетет?


Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Cтуденттик иштер башкармалынын Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы, Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби жана Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы тарабынан уюштурулган “Manas Cup-2017” футболдук турниринин тандап алуу оюндары өткөрүлдү. Турнирде жалпы 9 команда ат салышып, 4 команда финалга жолдомо алды.


Футболдук турнирге университеттин ректору, биринчи проректору, окутуучулар жамааты, студенттер жана командалардын күйөрмандары катышты. Ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректор проф., док. Себахаттин Балжы жакшы саамалык башталганын айтып, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү менен ар дайым сыймыктанарын билдирди.

Ал эми биринчи проректор проф., док. Асылбек Кулмырзаев “Ар бир окуу жайдын бүтүрүүчүсү университеттин жүзүн көрсөтөт, силер татыктуу көрсөтүп жатасыңар”,- деп билдирип, командаларга ийгилик каалады.
Чучу кулактын негизинде “А” тайпасында КТМУ, КТРК, Демирбанк. “Б” тайпасында Жеке иш берүүчүлөр ассоциациясы, ЭЛТР, Мегаком. “В” тайпасында Hyatt Regency, Ambassador, Kyrgyz Concept командалары таймашты. Ар бир командада “Манастын” экиден бүтүрүүчүсү оюн көргөздү.

Таймаш кызыктуу жана курч маанайда өтүп, финалга КТРК, Ambassador, Megacom жана Hyatt Regency командалары өтүштү. Аталган командалар 14-октябрда 1-орун үчүн күч сынашат.
Футболдук турнирдин башкы талабы ар бир командада “Манас” университетинин экиден бүтүрүүчүсү болушу керек. Ал эми максаты бүтүрүүчүлөр менен университеттин байланышын бекемдөө, университеттин башка мекемелер менен кызматташуусун кеңейтүү жана катышуучуларды спорт менен активдүү машыгууга тартуу болуп саналат.

Даярдаган: Адинай Курманова