“Энеге таазим” тасмасы көрсөтүлдү


9-октябрда Студенттик Кеңештин “Инсандык өнүгүү” клубу менен “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан “Энеге таазим” аттуу тарбиялык мааниси чоң кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү. Тасма Кесиптик жогорку мектебинин амфитеатрында көрсөтүлүп, ага 300 гө жакын студент катышты.


“Энеге таазим” тасмасында эненин балага кылган камкордугу, мээрими, тарткан кыйынчылыктары чагылдырылган. Ошондой эле эненин кадырын билүүгө жана сыйлоого чакырган. Көрүүчүлөргө “Ыйман” фонду тарабынан тартылган “Энеге таазим” тасмасындан сырткары “Энеге зыярат”, “Текебер” жана “Доктур” аталышындагы кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлдү.

Тасмалардын соңунда студенттер ой-пикирлерин билдиришип, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Мындан тышкары уюштуруучулар тарабынан ойнотулган суроо-жооп оюнунун жеңүүчүлөрү белектер менен сыйланды.


Белгилей кетсек, мындай тасмаларды көрсөтүү иш-чарасы “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата уюштурулду.

Даярдаган: Адинай Курманова